15544
за день
1277998
за месяц

Оппозициянын урааны: окшошкондор, калбыры барлар бириккиле!

Оппозициянын урааны: окшошкондор, калбыры барлар бириккиле!

«Тең теңи менен, тезек кабы менен» деген сөз бекеринен айтылбаганын конституциялык реформага каршы тегерек стол өткөргөн Кубатбек Байболов, Равшан Жээнбеков, Бегалы Наргозуев, Замира Сыдыкова, Нурбек Токтакунов, Нарын Айып, Адахан Мадумаров өңдүүлөр дагы бир жолу аныктап отурушат. Алар тегерек столдун четине тегерете отуруп алышып, бардыгы эле «Конституцияга өзгөртүү киргизбеш керек, муну бийлик эптеп өзүнүн бийлигин бекемдеш үчүн жасап атат» деп опурулуп атышты. Араларында океандын ары жагынан каржыланган бейөкмөтчүлөр да болду. Ошентип ар кошкон максаттагыларды бул ирет «бийликке кандай болсо да каршы туруу керек» деген гана максат бириктирди. Бири бийликке таарынып жүргөн болсо, бири бүгүнкү бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнөн чоочулап жүрөт, бири болсо эптеп чет мамлекеттен алган каражатын актайын деген максатта.

Кубатбек Байболов деген ким? Бул карт саясатчы 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Баш прокурор боло калып, «Мегаком» чырына аралаша калганы үчүн кызматтан кеткен. Жөн кетпей бийликке таарынычын «тонналап» айтып, түз эле оппозиция жээгине улап түшкөн.

Равшан Жээнбеков дегенде бүгүнкү күндө республикабыздагы мамлекеттик балдар бакчаларында бир орунга 3-4төн жатып, тарбияланып жаткан балдар көз алдыга тартылат. Себеби ал Акаевдин заманында Майрам апчесинин этегине эрмешип жүрүп, эң жаш министр аталган. Маммүлктү жетектеп туруп 342 обьектини текейден арзан баада пулдаган. Ошентип мамлекетке миллиондогон зыяндарды алып келген ашынган коррупционер.

Бегалы Наргозуев аттуу №1-ушакчы агабыз бар. «Акжолдун» атынан депутат да боло калган. Максим Бакиевдин этегине «намаз окуганга» да даяр жүрчү. Максимчик ЦАРИИнин башына келгенде аны «келечектеги президент» деп да атап жиберген.

Замира Сыдыкова аттуу журналист эжекебиз да Бакиевдердин кандуу бийлигине катуу кызмат өтөгөн. Анын журналистика айдыңынан дипломатия айдыңына учушуна Бакиевдер жакшы жардамын көрсөткөн. Натыйжада ал АКШга элчи болуп барып, көп узабай жең ичинен бир нерсени уурдай коем деп кармалып жумушунан айдалган. Ошондон бери АКШдан толук кандуу Кыргызстанга кайтып келе албай жүрөт.

Нурбек Токтакунов аттуу бейөкмөтчү үчүн Кыргызстандын тагдыры кызыктырбай турганын жакшы билип калганбыз. Ал чет мамлекеттен алган каражатын акташ үчүн түрдүү нааразычылык акцияларын өткөрүп, андан соң «сыйлыгын» өз офисинде ала турганын буга чейин АКШнын экс элчиси менен жолугушуусунда көргөнбүз. Андан сырткары анын психикалык жактан саламаттыгы начар экендиги, анан дагы наркотикалык затты колдоно турганы ачыкталган.

Нарын Айып аттуу журналист аксакал деле бийликке таарынычын жашыра албай келет. Ал КТРКнын «Ала-Тоо» маалымат программасынын продюссерлик кызматынан ыргыгандан кийин түз эле оппозиция жээгине түшүп калган.

Адахан Мадумаровдун куру чечендигинен элибиздин кулагы деле тажады. Бакиевдин маалында аткаруу бийлигине келгенге чейин эл арасында кадыр-баркы бар болчу. Анан ЖК төрагасы боло калып кабинетин жаңгак жыгачы менен жасалгалай коем деп чогулткан кадыр-баркын казаны менен төгүп алган. Айтор, ал мамлекеттик жогорку кызматтарда туруп деле сүйлөгөндөн башкага жарабастыгын далилдеди. Дагы деле сүйлөп келатат. Радиого эле ди-джей болуп алса жарашып калмак дегендер толтура.

Мына ушундай аштан-көчтөн калгандар биригип алып, эми минтип Конституцияны өзгөртүп, мамлекетибиздин көз карандысыздыгын бекемдөөгө карата жасалып аткан аракетке каршы чыгып отурушат. Баса айта кете турган дагы бир жагдай, 2010-жылдан кийинки жылдарда эле Адахан Мадумаров «Бул Конституцияны өзгөртүш керек, 2020-жылга чейин калтырбаш керек» деп опурулуп жүргөн. Эми кайсыл кара теке сүзөгөнүн түшүнүү кыйын.


Поделиться

One Comment - Write a Comment

Написать комментарий