2300
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер B

Month: August 2016

Айнура Арзыматова, саясат таануучу: “Убактылуу өкмөт өз кезегинде жаңы бийликти түзүүнү уюштура алган эмес жана ага Президент туура баасын берди”

«Убактылуу өкмөт өз кезегинде жаңы бийликти түзө алышкан эмес жана ага Президент туура баасын берди», – деп билдирди маалымат агенттиктеринин бирине саясат таануучу Айнура Арзыматова Президенттин бүгүнкү Кыргызстандын Эгемендигинин 25 жылдыгын белгилөө учурундагы сөзүнө комментарий берип жатып. Саясат таануучу Президент өз сөзүндө убактылуу өкмөт тууралуу катуу, ошол эле учурда ачык айтты деп эсептейт. «Мен мамлекет…

Азыркы Башмыйзам тарыхый миссиясын аяктады, эми улуттук кызыкчылыктарды коргоо, мамлекетти өнүктүрүүгө жол аччу Башмыйзам керек

Азыркы иштеп жаткан Башмыйзам 2010-жылы бир айдын ичинде жазылып, эч кандай коомдук талкуусу жок кабыл алынганы маалым. Анда негизги максат ошол кездеги Убактылуу Өкмөттү мыйзамдаштыруу болгон. Эгер референдум өтүп, жаңы Конституция кабыл алынбаганда Убактылуу Өкмөт менен эч ким эсептешпейт эле. Ошол кездеги Убактылуу президент Роза Отунбаеваны деле эч ким укпайт болчу. Муну жамы журт деле…

Ууру күйөөсүн коргогон Аида Салянованын санаасы неде, же өлкө эгемендиги ал үчүн майрам эмеспи?

Экс-баш прокурор Аида Салянова ЖК депутаты болгондон бери карай өөдүк-сөөдүк сүйлөмөйдү өнөкөткө айланта баштады. Кыязы жалаң мыйзамдын негизинде иштегенден көрө ага парламент трибунасында отуруп алып, оюна келгенди оттой бермей көбүрөөк жагып калды окшойт. Ал жакында эле «Фейсбуктагы» баракчасына эгемендиктин 25 жылдыгын майрамдоону жана 3-8-сентябрларда өтө турган Экинчи Көчмөндөр оюндарын өткөрбөөнү сунуш кылып чыкты. Буга 27-августта…

Трагедиядан саясат жасабайлы же Байсаловдордун башы ордундабы?

Эгерде дүйнө өлкөлөрүнүн арасында саясатташуу боюнча конкурс өтсө, Кыргызстан сөз жок башкы байгени жеңип алмак окшойт. Биз өзүбүздүн бешиктеги баладан тарта бекчейген чал-кемпирлерге чейин саясатташып кеткенибизди ансыз деле билет элек. Буга албетте карапайым адамдардын эч кандай күнөөсү жок. Күнөө – элди да саясатташтырып жиберген саясатчылардын өзүндө болууда. Ушул жылдын 27-августунда кыргыз эли үчүн дагы бир…

Ч. Жакупова «депутаттар Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелей албайт» деп неге шилекейине чакоодо?

Бейөкмөт уюмун жетектеп жүрүп, ажаан катындарча алкынып сүйлөгөнгө маш болуп алган Чолпон Жакупова дагы деле депутаттык кызматынын «ритмине» түшө албай убаракерчилик тартып жүрү. Кече борбор калаабызда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоодо бул айым «Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун автору ким? Эч ким. Себеби мындай мыйзам долбоорго автор болгулары келбейт» деп оозунан шилекейи чачыраганча булкулдап…

Калбыры бар саясатчылар Конституцияны өзгөртүүгө каршы

Кыргызстандын көз карандысыздыгын камсыз кылуу, толук кандуу парламенттик башкарууга өтүү жана өлкө стабилдүүлүгүн бекемдөө максатында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси көтөрүлгөнү маалым. Себеби учурдагы Башмыйзамыбызда көптөгөн «миналардын» катылганы, алардын бири «жарылганы» да белгилүү. Мисалы, БУУнун адам укуктары комитетинин сепаратист, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу чечими. Бул жагдай Кыргызстандын сотунун чечимдерине эл аралык уюмдар…

Адилет Калыгулов, коомдук ишмер: “Кырсыктан саясат издегенди токтотуп, элибиздин духун көтөрөлү!”

27-августта Москвадагы басмаканалардын биринен чыккан өрттөн набыт кеткен 14 кызыбызга аза күтүп аткан чагыбыз. Көртурмуштун айынан Россияда эмгектенип жүргөн көчөт кыздардын арбагынын алдында ар бирибиз таазим кылабыз. Тилекке каршы, кайгылуу окуяны саясатташтырып, саясый упай топтоого киришкен биздин айрым “азаматтарыбыздын” “жолдо калгыр жоругу” адамды өкүндүрбөй койбойт. Туура, кыздарыбыз Россияга жыргаганынан кеткен эмес. Үй-бүлөсүн багыш үчүн ушундай…

Парламенттик шайлоо алдында бири-бирин “видеоматериалдар” менен коркуткан Мадумаров менен Текебаевдин “сүйүүсү” козголдубу?

Бүгүн борбор калаада “Биримдик жана туруктуулук үчүн” деп аталган форум болуп өтүп, ага катышкан «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Өмүрбек Текебаевге ой-да жагынып алды. Ал Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып аткан Текебаевге ыраазычылык билдирип, “телеканалдар жалаң эле Фарид Ниязов айткан сөздөрдү көрсөтүп атат. Фарид сен кимсиң? Өмүрбек Текебаевге жетиш үчүн сага 15 диплом керек”, –…

А. Бекназаровдун чагымчылдыгына Аксы эли каршы

Эске сала кетсек, буга чейин Азимбек Бекназаров Үңкүр-Тоого байланышкан маселелерди чечүү жана Өзбекстан кармап кеткен жарандарды бошотуу талабы менен Кербен шаарында митинг өтө турганын жар салган болчу. Эси-дартынын баары эле митинг өткөрүү болуп калган Азимбек мырзанын мындай демилгесин Аксы эли колдобой тургандыгы маалым болду. Тактап айтсак Аксы районундагы Үңкүр-Тоону коргоо комитети 27-августта өтө турган кыргыз-өзбек…

Үңкүр-Тоо Өзбекстанга кетип жатканда Бекназаров, Жекшенкулов, Асанов, Исаковдор каякты карап отурушту эле?

2005-жылдагы ыңкылаптан кийин элдин ишеничи менен бийликке келген канкор Курманбек Бакиев 5 жыл ичинде кыргызга болуп көрбөгөндөй кыянаттык кылып, аянтты канга боөп качып кетти. Анын азабын азыркы күнгө чейин тартып, керек болсо өзбектерге тартуулаган Үңкүр-Тоону кайра ала албай башыбызды мыкчып отурабыз. Анда Бакиев бул тоону кантип өзбектерге “тартуулаганын” жана анда жооптуу кызматтарда отургандардын тизмегин баяндайлы.…