1909
күнүнө
за день
365732
айына
за месяц

Түркия ТИМи билим берүү тармагы менен саясый оюндардын айырмасын неге аңдай албай жатат?

Түркия ТИМи билим берүү тармагы менен саясый оюндардын айырмасын неге аңдай албай жатат?

28-июлда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу CNN Turk телеканалы аркылуу «Кыргызстанда Фетхуллах Гүлен төңкөрүш жасоого аракет жасашы мүмкүн» деген пикирин кайрадан билдирди. Анын айтымында, эгерде Кыргызстанда төңкөрүш болсо, анда ал Гүленге тиешелүү FETÖ уюмунун колу менен жасалат имиш.

Мындай жоромолун Түркия тышкы иштер министри эмнеге таянып айтып атканы да белгисиз. Же алардын өлкөсүндө кандайдыр бир саясый келишпестиктер болуп өтсө эле, ошондой окуя башка өлкөлөрдө да болуп, болгондо да алардын оппоненттеринин колу аркылуу жасала бермек беле?

Буга чейин Түркия ТИМи өздөрүндөгү төңкөрүш жасоо аракети болуп өткөндөн кийин Кыргызстандагы «Себат» мектептерин жабуу талабы менен биздин республиканын ТИМине билдирүү жасаган. Албетте, бул билдирүү эл аралык дипломатиялык нормага эч кандай шайкеш келбейт эле. Андыктан Кыргызстандын ТИМи буга тиешелүү жообун берген болчу.

Кыргызстандагы «Себат» мектептеринин билим берүү деңгээли алдаканча жогору экендиги жана аны бүтүргөн мекендештерибиздин көпчүлүгү чет өлкөлөрдөгү кадыр-барктуу компанияларда иштеп жүргөнү белгилүү. Бул мектептерде тартип маселеси да бекем, окуучуларга терең билим берүү менен бирге ыймандуу жүрүм-турумду да үйрөтөт. Ал эми аталган мектептерге карата Гүлендин пикири жакшы экендигин эске албаганда, андагы окутуучулардын айтымында анын мектепке эч кандай тиешеси жок. Ал окуу жайларынын мүчөсү да эмес. Андыктан Түркия ТИМи өздөрүндөгү саясый оюндарды башка өлкөдөгү билим берүү тармагынын ишмердүүлүгү менен чаташтырбашы керек эле. Биз суверендүү мамлекетпиз. Түркиянын ТИМи талап кылса эле, аны териштирбестен туруп аткара бере тургандай алардын бир облусу эмеспиз. Кандайдыр бир талап коердун алдында да эл аралык дипломатиялык нормаларды сактоо зарыл эмеспи…

баннер C
баннер А

Поделиться

Написать комментарий