1914
күнүнө
за день
365732
айына
за месяц

«Центерра» көз боемочулугун ачык жасай баштадыбы?

«Центерра» көз боемочулугун ачык жасай баштадыбы?

Канадалык «Центерра Голд Инк.» компаниясы америкалык Thompson Creek Metals Company Inc. компаниясынын 92% акциясын сатып алуу үчүн 26 млн 599,5 миң даана кошумча акциялардын эмиссиясын чыгарууну аяктаганын жарыя кылды.

Мындай кошумча акциялардын эмиссиясынын негизинде алтын казуучулардын акциясы 236,3 млндон 262,94 млн даанага көбөйөт экен. Демек, ага жараша Кыргызстандын «Центеррадагы» учурдагы 32,75% үлүшү болжол менен 29,43%ка төмөндөй тургандыгы болжолдонууда.

Бул кадам албетте «Центерранын» жетекчилигинин өзүм билемдик кадамы болуп саналат. Себеби аталган компаниянын директорлор кеңешинин курамындагы Кыргызстандын өкүлдөрү компаниянын америкалык Thompson Creek Metals Company Inc. компаниясынын 92% акциясын сатып алууну чечкенин билишкен эмес. Мындай маалыматты алар добушка коюу алдында гана угушуп, каршы добуштарын беришкен. Ага карабастан канадалык компания өзүм билемдик менен кошумча акциялардын эмиссиясына ээ болууну самап, Кыргызстандын үлүшүн азайтуу максатын көздөөдө.

Демек, «Центерра» өзүнүн башынан жасап келаткан көз боемочулугун улантууда десек болот. Андыктан эртең кеч болуп калалекте алардын буга чейинки жасаган мыйзамсыз иш-аракеттеринин баарын ачыкка чыгарып, тиешелүү чарасын көрүш керек.

баннер C
баннер А

Поделиться

Написать комментарий