1915
күнүнө
за день
365732
айына
за месяц

Медакадемияга тиешелүү жер тилкелерин, имараттарды сатууга себепкер жана адам сөөгүн (труп) сатууга шектүү И. Кудайбергенованын ректор болушу туурабы?

Медакадемияга тиешелүү жер тилкелерин, имараттарды сатууга себепкер жана адам сөөгүн (труп) сатууга шектүү И. Кудайбергенованын ректор болушу туурабы?

Бүгүн борбор калаабыздагы маалымат агенттиктеринин биринде Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын эмгек жамаатынын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдошту. Анда Медакадемиянын эмгек жамааты бүгүнкү күндө жаңыдан ректор болуп шайланган Индира Кудайбергеновага каршы экендиги жана анын буга чейинки ишмердүүлүгүндөгү бир топ мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу айтылган.

Медакадемиянын травматология жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы Айтназаров Эмиль бул кайрылууну толугу менен окуп берди. Андагы айтылгандарга таянсак, Индира Кудайбергенова 2000-жылдары аталган окуу жайдын биринчи проректору болуп эмгектенген. Ошол убакта окуу жайга тиешелүү жер тилкелери жана дагы эки кабаттуу ашкананын имараты сатылып кеткен. Андан тышкары бул айымдын адам сөөктөрүнүн чет өлкөлөрдүн бирине сатылуусуна катыштыгы бар экендиги тууралуу желип-жорткон кеп-сөздөрдүн жүргөнүн айта кетели.

Эске сала кетсек, Индира айым 2008-жылы дагы Медакадемияны төрт ай убакыт башкарып калган. Тактап айтсак, ал ошол убактагы президент Курманбек Бакиевдин аялы Татьяна Бакиева жана Жаныш Бакиев, Акмат Бакиевдер менен да ысык мамиледе болгон. Анан Татьяна айымдын аркасы менен ал КММАнын ректорунун милдетин аткаруучу болуп калган. Бирок, дээринде жетекчилик салмагы жок болгондуктан төрт айдан кийин эле ал кызматынан ыргып кеткен. Ошентсе да ал окуу жайдын ректордон кийинки жетекчилик кызматтарын бир топ жылдап аркалаган. Анын ишмердүүлүгүнүн аркасында өз кезегинде окуу жайдын айрым кызматкерлеринин айлык акысына кошумча төлөмдөр берилип, мыйзамсыз акча каражаттары чыгымдалган. Ошол эле убакта Индира Кудайбергенованын жеке салымы менен Пакистандын жаранына 2,5 айдын ичинде эле Медакадемиянын диплому да берилген экен.

Булардан сырткары Медакадемиянын тегерегиндеги окуу жайга тиешелүү башка имараттарды да ижарага берип, алардын акчасын Индира айым өзүнүн чөнтөгүнө солоп келгендиги кайрылууда айтылат. 2010-жылдын апрель революциясынан кийин канкор К. Бакиевдин иниси А. Бакиевдин өлкө аймагынан чыгып кетүүсүнө да өзүнүн салымын кошкон экен.

Мына ушундай таржымалы бар айымдын республикабыздагы медицина жаатындагы эң алдыңкы окуу жайга ректор болуп шайланышы негедир анчалык акылга сыйбай турат. Бүгүнкү күндө окуу жайда Кудайбергенованын анча-мынча тарапташтары да бар. Алар өздөрүнүн адамы окуу жайга ректор болуп шайланганына маашырланышып, башкаларга: «Мына биздин адам жетекчи болуп келди, эми силердин сазайыңарды колуңарга беребиз» деп опрулуп тургандагы кербездери.

Баса, айта кетүүчү дагы бир жагдай – КММАнын ректорлугуна үч талапкер ат салышкан. Алар Ишенбек Сатылганов, Доктурбек Адамбеков жана Индира Кудайбергеновалар. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Сатылганов – 185, Адамбеков – 166, ал эми Кудайбергенова – 139 гана добуш алган. Ошондо добуш берүүдө акыркы орунда келген талапкер утушка ээ болуп аткан болобу? Мындай калпыстыкка жол берүүгө мүмкүн беле?..

баннер C
баннер А

Поделиться

Написать комментарий