2258
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер С

Month: July 2016

Түркия ТИМи билим берүү тармагы менен саясый оюндардын айырмасын неге аңдай албай жатат?

28-июлда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу CNN Turk телеканалы аркылуу «Кыргызстанда Фетхуллах Гүлен төңкөрүш жасоого аракет жасашы мүмкүн» деген пикирин кайрадан билдирди. Анын айтымында, эгерде Кыргызстанда төңкөрүш болсо, анда ал Гүленге тиешелүү FETÖ уюмунун колу менен жасалат имиш. Мындай жоромолун Түркия тышкы иштер министри эмнеге таянып айтып атканы да белгисиз. Же алардын өлкөсүндө кандайдыр…

Сапар АКУНБЕКОВ, эркин журналист: “Мевлүт Чавушоглу ойду-тоону сүйлөгөн министр катары Түркияда таанымал, ал өз мамлекетиндеги абалды жайгап алсынчы!”

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу акыркы кездери Кыргызстандын суверендүүлүгүнө шек келтирген маанайдагы пикирлерин улам сайын кайталап, аша чаап баратат. Бир туруп бизге талап койсо, бир туруп “гүленчилер” менен Кыргызстанды коркутууда. Түрк министригин бул кылыгы бүтүндөй кыргыз элин шылдыңдаганы катары кабыл алсак болот. Кыргыз коомчулугунда дал ушул Чавушоглунун аракетине нааразы болгондор көбөйдү. Маселен, эркин журналист…

Таарынычын «сөйкөнүү» аркылуу билдирген Клара Сооронкулова

Бир убакта өзү Конституциялык палатанын судьясы болуп туруп, бирок судьялык этикага жатпаган биометрикалык маалыматтар тууралуу пикирин билдире коюп, кызматынан ыргыган Клара Сооронкулова ошондон бери карай бийликке эптеп эле сын айтуу менен алектенип келет. Өзүнүн кесиптик этикасын тыңдап сактай албаган бул айымдын таарынычы эмнеде жатканын жакшы эле түшүнүп турабыз. «Мени кызматтан алдыңарбы, эми силерге кечке тийише…

Кубан Абдымен, саясат таануучу: “Гүленчилердин” Кыргызстан үчүн эч кандай коркунучу жок”

– Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу СNN Тurk каналына берген маегинде Кыргызстанда төңкөрүш болсо Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери уюштурушу мүмкүн деген оюн билдирди. Түрк министринин бул пикирине кошуласызбы? – Төңкөрүштөн бир жолу чоочуп калгандар ушундай билдирүүлөр менен чыга берет. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегендей эле болуп жатат бул жерде. Алар чоочуп калышкан. Негизи…

Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Конституцияны өзгөртүү керек. Азыркы Башмыйзам болгон потенциалын көрсөтүп иштеди”

– Бакыт мырза, парламенттеги 4 фракция тарабынан Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү сунушу берилди. Конституциянын жаңы долбоору жакынкы күндөрү коомдук талкууга коюлаары күтүлүүдө. Бул аракеттин артында эмне жатат деп ойлойсуз, сиз бул демилгени колдойсузбу? – Туура, Конституцияны өзгөртүү керек. Азыркы Башмыйзам болгон потенциалын көрсөтүп иштеди. Президент да дал ушул Башмыйзамдын негизинде 5 жыл мөөнөтүн өткөрдү.…

Коррупционер Равшан Жээнбеков үчүн Кыргызстандын көз карандысыздыгы түккө арзыбайбы?

Адамдын дээринде болбосо, ага канчалык акыл айтсаң да, билимге каныктырсаң да, патриоттук сезим дегенди ойготуу өтө кыйын болот тура. Патриоттук сезим, өзүңдүн мекениң, мамлекетиң үчүн күйүп-жануу үчүн тубаса патриот болуу зарыл окшойт. Мындай дегенибиздин себеби, АКШга чейин барып билим алып келген Равшан Жээнбеков аттуу мекендешибиз бар. Демек, билим деңгээли жетишээрлик деп айта алабыз. Бирок, эч…

Искендер Шаршеев, эксперт: “Түрк мектептеринен бүткөн балдар өлкө үчүн салым кошууда, биз Түркиядагы саясаттан тыш бололу”

– Искендер мырза, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу “Себат” мектеби Кыргызстанга коркунуч жаратып жатканын айтып, ал мектепте иштегендер жана андан билим алгандар төңкөрүш жасашы мүмкүндүгүн билдирди. Сиз бул министрдин сөзүнө кошуласызбы? – Менин байкашым боюнча, түрк мектептерде иштеген мугалимдер, анда окуган балдар бүгүнкү күндө Кыргызстанга аябай чоң салымын кошуп жатат. “Себат” мектебинен бүткөн балдар…

Шыкмаматов үчүн депутаттык мандат мамлекеттик кызыкчылыктан да өйдө турабы?

«Башмыйзамдын атасы» атыккан «Ата-Мекен» лидери Өмүрбек Текебаевдин шашмалыгынын айынан 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда бир топ алешемдиктерге жол берилип калганы акыркы убактарда ачык билине баштады. Бир эле мисал келтирсек, БУУнун адам укуктары комитетинин Кыргызстандын соту аркылуу өмүр бою эркинен ажыратылган оор кылмышкер, сепаратист Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу кабыл алган чечими Кыргызстандын Башмыйзамынын сырткы күчтөрдүн кызыкчылыгына иштей…

Абдувахаб Нурбаев, ЖК депутаты: “Конституция өзгөрүп, март айында парламент тарайт дегенге кошулбаймын”

– Парламент депутаты Алманбет Шыкмаматов Баш мыйзамдын өзгөртүүнүн артында чоң оюндар жатканын айтып, эгер жагдай ушул бойдон уланып кете берсе парламент март айында таркай турганын билдириптир. Чын эле Конституцияны озгөртүүнүн артында парламентти таратуу аракети жатабы? – Азыркы Баш мыйзам акыркы 6 жылдан бери эч бир өзгөрүүсүз иштеп жатат. Анын бир топ кемчиликтери, туура эмес жагдайлары…

Адил ТУРДУКУЛОВ, оппозициялык маанайдагы жаш саясатчы: “Атамбаевди каралоо максатында таратылган тасмада конкреттүү далилдер жок, бул ички-тышкы күчтөрдүн шайлоо алдындагы каралоо аракети”

Жакында президент Алмазбек Атамбаевди каралаган тасма интернет булактарында жарыяланып кетип, анда өлкө башчысын Түркиянын “тыңчысы” катары шыбашыптыр. Чын-чынына келгенде тасмада аргумент жок, ойлоп табылган эле кургак сөздөр, бир тараптуу каралоолор. Атамбаев Түркиянын агентиби? Ал расмий Анкараны колдоп, Россияга каршы иштеген чыккынчыбы? Ушуга ким ишенсин! Албетте эч ким ишенбейт. Эгер Атамбаев Түркия үчүн иштеп, Реджеп Эрдогандын…