2261
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер A

Month: June 2016

Элди арак менен уулаган “Кыргызстаны” аракка кантип каршы чыксын?

Парламенттик шайлоо астында Кыргызстанга бейиш алып келүүнү убада кылган “Кыргызстан” партиясынын ишке киришкенине бир жылга чамалап баратат. Бул фракциядан депутат болгондор шайлоо алдында берген убадаларын аткармак тургай, ал боюнча ооз ачып койгонго деле жарабады. Эми болсо бул партиядан депутат болгондор ар кандай популисттик кадамдарды жасоо менен алек. “Кыргызстан” партиясынын өкүлү, депутат Таалайгүл Исакунова үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка…

Канадада “Камеко” компаниясы 2,1 млрд. долларлык салык жашырганы үчүн айыпталууда

Айтылуу “Камеко” компаниясы Канаданын салык кызматы тарабынан 2,1 млрд. долларлык салык жашырганы үчүн айыпталып жатканын «Хаффингтон Пост» басылмасы 23-июндагы санында жар салды. Компания ушул жылдын сентябрында Канаданын федералдык сотунун алдында жооп берет. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, анда бул Канаданын тарыхында эң көлөмдүү салык жашырган окуя катары жазылып калат. Маалыматтарга караганда, “Камеко” мындан сырткары 32…

Т. Сариев журналисттик карьерасын баштаганы туру…

2017-жылы боло турган президенттик шайлоо жакындаган сайын кооз сүйлөгөндөр, галстугун түздөнгөндөр көбөйө баштады. Алардын көч башында экс-премьер-министр Темир Сариев алдына адам салбай келатат. Негизи эле иш жасабай туруп, пиар жасоо жагынан Темир Аргенбаевич абдан мыкты экендигин ал өкмөт башчылыгын аркалап турганда эле билдик. Эми өкмөт башчылыгынан ыргып кеткенине бир нече ай болуп боло электе ал…

Марат Казакпаев, саясат таануучу: “Оппозициянын митингинен коркпошубуз керек”

–        Марат мырза, “Эл үнү” саясий кыймылынын Аксы райондук бөлүмү бийлик менен оппозицияны 12-июлда Аксыга митингге чакырып кайрылуу жасады. Анда  Үңкүр-Тоо, “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу маселеси каралат экен. Президент “Кумтөр”боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берип, азыр канадалыктарга каршы кылмыш иши козголду. Үңкүр-Тоо маселеси деле иликтенип жатат. Ушундай иштер жүрүп жатканда кайра эле элди козута берүүнү кандай баалайсыз?…

Сөз эркиндиги менен маалымат коопсуздугунун айырмасын билели!

Жалпыбыздын башыбыздын бийик көтөрүлүп турушу – бул биздин мамлекетибиздин бар экени. Мамлекеттүүлүгүбүз бар болгону үчүн бизди башка мамлекеттер да кадырлашат, сыйлашат. Бул жарыкчылык дүйнөдө өз алдынча мамлекетке ээ болуу бактысына жете албай кусаматы ашып-ташып жүргөн элдер өтө көп. Ошол эле убакта өзүнүн күчүнө, финансылык абалына таянып башка бир мамлекетти талкалап, кыйроосуна себепкер болуп турган да…

Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: “Оппозициянын митингди Аксыга пландаштырганы туура эмес”

– “Эл үнү” саясий кыймылынын Аксы райондук бөлүмү бийлик менен оппозицияны 12-июлга Аксыга митингге чакырып кайрылуу жасады. Алар бир катар чечилип жаткан маселелерди шылтоолоп элди дүрбөтүүнү каалап жатыптыр. Булардын аракетин кандай баалайсыз? – Кыргызда “көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” деген кеп бар. Азыркы оппозициянын аракети деле ушундай болуп жатат, көнгөн адат. Мына, президенттин мөөнөтү…

Кыргыз элин “койго” теңеген Максим Бакиевди Лондон түрмөсү күтүп турабы?

Буга чейин Улуу Британиянын жараны Шон Дейли канкор президент Курманбек Бакиевдин уул Максимдин үстүнөн арызданып, Лондон сотуна кайрылган. Ал Максим Бакиев тарабынан өзүнө кол салуу болгонун айтып арызданууда. Учурда бул сот иши Лондон шаарында уланып жатат. Ал эми 27-июнда Бишкектеги мейманканалардын биринде Феликс Кулов, Каныбек Иманалиев, Алмазбек Жакыповдор кезектеги сот отурумуна онлайн-режимде катышып, соттун суроолоруна…

Э. Сатыбалдиевге колдонулуучу мунапыстын баасы 100 миң доллар турабы?

2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяга күнөөкөр катары саналгандардын бири, Бакиевдин убагында баш прокурорлукту аркалаган Элмурза Сатыбалдиев учурда эркиндикке чыгам деп жүрөгү дүпүлдөп согуп турган маалы. Ал ушул күнгө чейин деле канкор Бакиевдердин эң эле ишенимдүү адамдарынын катарында болгонун сыймыктануу менен айтып келет. Өз элин канга чылап, окко учуруп качып кеткен канкорлордун “табакташы” болуп калганына сыймыктанган Элмурза…

Көздөрүнө АКШ долларынын гана сүрөтү тартылган ары жок Р. Жээнбеков

Кыргызстандагы миңдеген жаш балдардын бала бакчаларга баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан, Мамлекеттик мүлктү башкарып турган убагында 400гө чукул мамлекеттик обьектилерди текейден арзан баага пулдап жиберген Равшан Жээнбеков «Фейсбуктагы» жеке баракчасына Экинчи бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата пикирин илиптир. Өзүн Кыргызстандын патриоту эсептеген жаран мындайча өз мамлекети тууралуу тескери пикир айтпайт эле. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн анын жазганын…

Оппозициянын башын эми Мадумаров бириктиреби?

Кыргызстан революциялык эксперименттердин өлкөсү деп бекеринен айтылбаса керек. Акыркы 10 жылда ар бир жылдын жаз жана күз айларында саясий оюндар, митингдер уюштурулуп “революция болот экен” деген сөздү атайылап таркатып, элдин бүйүрүн кызытып турушат. Алар кимдер? Алар чынында мамлекеттеги ички жана тышкы саясатка каршы адамдар, бийликтен майлуу кызмат ала албай калгандар, президентке жеке таарынычы бар айрым…