15710
за день
1278152
за месяц

Month: May 2016

Нуркамил Мадалиев, коомдук ишмер: “Бейөкмөт уюмдарынын саясатка аралашканы такыр туура эмес”

– Акыркы кездери бейөкмөт уюмдары саясатка аралашып, өз милдеттерин унутуп бараткандай. Сиз сырттан каржыланган мамлекеттик эмес уюмдардын аракеттерин кандай баалайсыз? – Бешинчи чакырылышта депутат болуп турганда дал ушул бейөкмөт уюмдарынын ишин көзөмөлгө ала турган мыйзамды демилгелеп, аны кабыл алууга жетишпей калдык. Ал эми азыркы парламент муну четке кагып койду. Негизи эле дал ошол мыйзам биз жазгандай…

Талантбек Кадыров, «Беш-Арча» компаниясынан өкүлү: “Бел-Алма” кени боюнча айтылгандар жөн эле ушак”

Буга чейин айрым маалымат каражаттары “Бел-Алма” кенин айланасындагы окуялар тууралуу жазып, бул кендеги коррупциялык схемалар тууралуу бир тараптуу маалымат тараткан. Ал эми аталган кенде күнү-түнү иштегендер мындай маалыматтарды жокко чыгарып атайын маалымат жыйын өткөрдү. Биз «Беш-Арча» компаниясынын өкүлү Талантбек Кадыровду кепке тартык. – Талантбек мырза, “Бел-Алма” кенинде коррупциялык схемалар терең тамыр жайганы айтылууда. Ошондой эле…

Канкорлорду колдоо – кыргызстандыктарды кордоо болуп саналат

Интернеттеги “Фейсбук” социалдык түйүнүндө «Бакиевди колдоочулар тайпасы» аттуу тайпа түзүлүптүр. Ырас, бул тайпанын артында өтө көп деле мүчөлөрү жок экени белгилүү, бирок ошол тайпанын жарыялаган постторун бөлүштүрүп отурган мекендештерибиздин бар экени белгилүү. Маселен, жакында эле бул тайпа Курманбек Бакиевдин доорунда балдарга жакшы көңүл бурулчу эле, мектеп окуучуларына ысык тамак берилчү, бүгүн андай эмес дегендей маанайда…

Беларус жараны Бакиев жазасын алчу күн келет

Кыргызстан Беларус өлкөлөрүнүн консулдук жетекчилиги жолугушуу учурунда Курманбек Бакиев жана анын жакындарын Кыргызстанга өткөрүп берүү тууралуу маселе кайрадан көтөрүлдү. Бирок, качкын Курманбек Бакиевди Белорусия Кыргызстанга өткөрүп бербестигин айтты. «Курманбек Беларустун жараны болуп саналат. Дүйнөлүк практикада Белорусия өз жарандарын башка өлкөлөргө өткөрүп бербейт”, – деп билдирди Беларус прокуратурасы. Туура, Беларус бийлиги канкор К.Бакиевге жарандык бергени анык.…

Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыров мыйзам чегинде жазасын алсын

Марттын аягында бийликти күч менен басып алып, Кыргызстанда төңкөрүш уюштурууну пландаган саясатчылар Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыров 12-июнга чейин соттун чечими менен камакка алынган. Алардын бийликти басып алуу боюнча кутуму, массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча пландары телефон сүйлөшүүсүндө далилденген. Интернет булактарына тарап кеткен бул сүйлөшүүлөрдө Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров жана Дуулат Турдуналиевдин төңкөрүш пландарын түзгөн аңгемелешүүсү…

Өзгөчө касиетке ээ кыргыз уулу

“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деген кыргыздын илгертен келаткан сөзү бар. Техника өнүгө элек убакта кыргыздын уулдары аттын кулагы менен тең ойноп, жаа атып, улуу курактагылар менен аң уулап сөөгү ката электе эле турмуштун ысык-суугуна көнүп жашап келишкен. Бүгүнкү күндө спорт, маданият тармагындагы уул-кыздарыбыз өлкөбүздүн желегин дүйнөгө желбиретип жатышканы кандай кубанаарлык нерсе. Акыркы убакта мамлекет…

Адилет Калыгулов, коомдук ишмер: Амнистия – күнөөсүн мойнуна толугу менен алган соттолуучуга гана берилет. Демек, Түлеев ага карата коюлган күнөөлөрдү мойнуна алды деп билсек болот

Апрель окуясынан кийин Кыргыз мамлекетинде коррупцияга каршы күрөш айгышкан мөнөздө жүрүп, бүгүнкү күнгө чейин темир тор артына кимдер гана олтурган жок. Мамлекет казынасына кол салгандар, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган мен-мен деген чоң кызматтагы чиновниктер темир тордун даамын сызып, колу менен кылгандарын мойну менен тартып жатышат. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деген ата-бабаларыбыздын айткан…

Эмки президент ким болоорун “точно” билген Малик Нурдинов

Президенттик шайлоого бир жылдан ашпаган убакыт калганы менен ага “тымызын даярдануу” эмитен эле башталгандай. Ар областарда ысык тамак бермей, кары-картаңдардын башып чогултмай, жаш активистерди бирден чакырып тамырын тартып суйлөшүү ыкмалары башталды. Сөзүбүз куру калбасын үчүн кечээ эле узун кулактарыбыздан алган “свежий” маалыматты жазып койбоско болбос. Кыялында Ош облустук ИИБ башчылыгын эбактан бери эңсеп жүргөн Малик…

Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке КАЙРЫЛУУ КАТ

Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке Балыкчы шаарынын активдеринен КАЙРЫЛУУ КАТ Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сиздин саясий ишмердигиңиз жана өлкөнүн туруктуу программасынын жыйынтыктары, эл арасында алкышка ээ. Бүгүнкү күндө Кыргызстан жаңы экономикалык жана саясий өнүгүү жолунда. Сизге колдообузду жана тенрең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Сиздин “Өлкөнүн патриоту болгула” деген чакырыгыңыз бул кайрылууга түрткү болду. Ыссык-Көл облусунун Балыкчы шаары…

“Казанчынын” эркин карачы, эй…

“Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” деген накыл сөз бүгүн тажик башчысы Эмомали Рахмонго куп жарашып турган учур. Ушул жекшемби күнү Тажикстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. Анын өзөгү – азыркы тажик президентинин мөөнөтү 2020-жылы аяктайт. Мыйзам боюнча 1990-жылдан бери бийликте келе жаткан Рахмон келээрки президенттик шайлоого талапкерлигин коё алмак эмес. Эми Башмыйзамга өзгөртүү киргизилген…