15702
за день
1278144
за месяц

Month: April 2016

Өз мамлекетинин кызыкчылыгына эмес, өзгөлөрдүн берген акчасына жалындап кеткен жүрөктөрдөн сак бололу

Ар бир улуттун, элдин эркиндиги, бактысы, келечеги анын өз алдынча көз карандысыз мамлекетке ээ экендиги менен коштолот эмеспи. Өзүңө тиешелүү Мекениң болсо, өзүңө тиешелүү тилиң, маданиятың, үрп-адатың, Тууң, Гимниң, айтор мамлекеттик символикаларың болсо, бул ошол элдин көз карандысыздыгын чагылдырган бакыт эмей эмне? Кыргыз эли эчен кылымдарды карыткан түптүү эл болсо дагы, тарыхтын барактарында эчендеген сыноолорду…

Азамат Шаршекеев, экономист: “Эгер “Кумтөрдү” терең каза турган болсок “бомбалар” чыгышы мүмкүн”

Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү Мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан турган мекемелер аралык иликтөө тобу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсынын бир катар каржылык мыйзам бузууларын аныктап чыкты. Анда мыйзамсыз жол менен компаниянын каражаттарын жана активдерин чыгарып кетүү фактысы аныкталган. Учурда компаниянын кеңсесин тинтүү иши жүрүп жатат. Дал ушул окуядан кийин “Кумтөрдүн” мындан башка…

Жумаканов жыргатпай калды го…

Жумаканов Калысбек деген КР Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору бар. Аталган кызматка жетекчи болуп алты ай мурун. Келип, келбей жатып жамаатты бөлүп-жарып жатканын айтып кайрылсак, өзүнө чаң жугузгусу келбейт. Айрым кадрларды суроо-сопкутсуз жумуштан айдап жатканын айтсак, «андай болгон эмес, Жолдош Осмоналиев деген кызматкерибизди эле иштен кетирдим, себеби мен жетекчи болуп келгенден…

Ыргал Кадыралиева телефон аркылуу Алманбет Анапияев менен эмнелерди сүйлөшкөн?

Ыргал айым, агаңыз Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө Жаныш Бакиевди түздөн-түз күнөөлү деп айыптадыңыз. Эмне себептен мурда бул жөнүндө айтпай келгенсиз? – Мен бул жөнүндө 2012-жылы Фабула гезитиндеги маегимде айткам. Түшүнгөндөр түшүнгөн. Санжар агамдын өлтүрүлгөнүнө жети жылдын жүзү болсо, мен жети жылдан бери өз изилдөөмдү токтоткон жокмун. Өлүм бар жерде кечирим болбойт. Менин жеке изилдөөмдүн жыйынтыгы боюнча…

Зилалиев «Зилзалага» кабылабы?

Дүйшөнбек Зилалиев деген «боорду эзгир» бар. Эмнеге «боорду эзгир» экенин азыр түшүнөсүңөр. Өзү Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору болуп иштеп жүрөт. Бирок геология жааты боюнча караманча түшүнүгү жок эме. Болгону геологияга жакындыгын кайсы бир гезитке маек берип жатып, «досторум, классташтарым болуп сабактан чыгып алып тоого чыкканды жакшы көрчүбүз. Балким, ошол кезде эле менде…

Элчи болгусу келип жүргөн Каптагаев

Бу Эмилбек Каптагаев деген аткаминер дегеле кызматка тоёбу деги? Барган жеринде эч нерсени кыйратпаса да, кызматтан кызматка которулуп эле жүргөнү жүргөн. Өкмөт башчынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү катары да жарытылуу иштебеди. Кылган иши элге жакпай, көлдүктөрдүн колунда барымтада да болуп чыкты. Айтымда, ал Ысык-Көл облусунун бийлигин бийлеп турганда, убактысынын көбүн кекилик, элик атып, аңчылыкка чыгуу…

Өлкө кызыкчылыгын уруп ойнобогон Токтакунов

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарынын саны 16 миңге чамалайт. Албетте, сырттан каражат алып, Кыргызстанда пайдалуу иш жүргүзүп жаткан уюмдар деле бар. Бирок, өкмөттүк эмес уюмдардын көпчүлүгү Батыштын арыгын чаап, мамлекеттик кызыкчылыкты уруп ойнобогон учурлары арбын. Чет элдик уюмдардын, айрыкча АКШнын тымызын буйруктарын аткарып, алар айдактаган жакка гана басып, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын “сатып жүргөн” Нурбек Токтакунов деген укук…

Марат Казакпаев, саясат таануучу: “Элдик парламенттин” мүчөлөрү Акаев жана Бакиевге жолугуп келсе аларга элибиз кантип ишенсин?”

 Марат мырза, “Элдик парламенттин” мүчөсү Төрөбай Колубаев басылмалардын бирине маек берип “биздин Акаев менен Бакиевге тиешебиз жок” дептир. Бирок, ошол эле кезде алар менен сүйлөшкөнүн тастыктап жатат. Мунун өзү эле аталган уюмдун качкын президенттерге байланышы бар экенин тастыктабайбы? – Эми Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев качкын президенттер. Аларды саясий кылмышкерлер деп атасак туура болот. Кыргызстанды…

Талгарбеков Акаевге арзуусун айтты

“Элдик парламент” коомдук бирикмесинин артында эки качкын президенттер Акаев менен Бакиевдин кулактары тикчийип чыгып калганын эми жашырууга болбой калды. Кара күчкө “биздин аларга таптакыр тиешебиз жок” деп көшөкөрлөнгөндөрү менен жасаган иш-аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү барып эле ошол экөөнүн кызыкчылыгына байланып калууда. Биринчи кезекте 2005-жылдын 24-мартындагы революция эмне себептен болду эле деген суроонун түйүнүн кыскача чечип алалы.…

Азимбек Бекназаров: “Элдик парламент” мурда кайда жүрдү эле?”

Күлүктөрдүн жарышына орто жолдон кошула калгандай образ жараткан “Элдик парламент” аттуу коомдук бирикменин түзүлгөнүнө 2-3 аптанын жүзү болду. Анын түзүүчүлөрүнүн бири 1990-жылдардын башында Кыргызстандын айыл-чарбасын талкалап салган “ийри реформачы” Бекболот Талгарбеков экендиги белгилүү. Биз аны акыркы 10 жылдан ашуун убакыттан бери карай саясый айдыңдан анчейин көрүнбөй калганынан улам “аа, абийири жол бербей атат окшойт, анча-мынча…