2311
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер С

Month: March 2016

Ашэра ХАЛИКОВА, ЖК депутаты: “Провакацияга алдырбайлы, мамлекеттин тынчтыгын ойлоп, улуттар аралык ынтымакты сактайлы!”

Жогорку Кеңештин 31-марттагы отурумунда эл өкүлү Ашэра Халикова атайын билдирүү менен чыкты. Ал Кыргызстанда тынчтык маанилүү экенин баса белгилеп, айрым адамдар мамлекетке чыккынчылык кылып атканын кыйытты. “Жакында эле бөтөн мамлекетке иштеген чыккынчылар кармалды. Азырынча сот өкүмү чыга элек. Ошого карабастан Зульфия Мурат аны коргоп чыкты, Махинур Ниязова аны сайтына жактапжазды. Бул туура эмес. Биздин өлкөдө…

Канат Исаев эми Текебаевдин айдагында

Канат Исаевдин кыянаттык менен “Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду” авто жолун курууга тоскоолдук кылбашын талап кылышып Ысык-көл облусунун Сары-Ой айылынын тургундары27-март күнү митинге чыгышкан. Алар бир канча жылдан бери оңдолбой келе жаткан бул жолдун айрым саясатчылардын айынан жолдун кароосуз калышын каалашпайт. Балыкчы – Корумду каттамын куруу, Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жолду оңдоо жана малды идентификациялоо үчүн компьютер сатып алуу…

Дастандын таскагы

Ушунча жыл бак тикпей, арык казбай жалаң мамлекеттик жана коомдук иштер менен алектенген Дастан Сарыгулов деген аксакалыбыз бар. Аны көпчүлүк синоптик катары, ай менен күндүн теңелишин жакшы кооздоп айтып берген адам катары таанышат. Илгертен ата-бабаларыбыз «Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» -деп, бекеринен айтышпаса керек. Дастан Сарыгулов менен Эрнест Карыбеков экөөнүн бийликти устукан бөлүштүргөндөй эле…

Түгөлбай Казаков “Ардактуу профессор” наамына татыды

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана Искусство Университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен Казаков Түгөлбай Токтогуловичке университеттин “Ардактуу профессору” деген наам ыйгарылды.

Мадумаров  бакача “баак” деп дагы койгон жок

Адахан Мадумаров бийлик менен оппозициянын ортосундагы мамиле дегеле Кыргызстандагы акыркы учурлардагы саясий окуяларга үн катпай калды. Бир кезде экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди “Ыя, айланайын, акыры баканы деле бассаң “баак” дейт го… Бул кишиден (ред. Жоомарт Оторбаевден) 20 жылдан бери же ак, же көк деген ой уккан жокмун”-деп сынга алган жайы бар. Ошол сөзүн эстегенде Адахан Кимсанбаевич…

Кыргыз оппозициясы өзбек бийлигинин «куурчагына» кантип айланды?

«Кыргыздын душманы кыргыз» деген ачуу кептер айтылса, «ана кыргызды кыргызга душман деп атат» деп «аласалдырып» жүргөн оппозициянын чындыгында душман экендиги шардана болду. Акыркы эки аптадан бери карай интернет сайттардагы аудиожазуулар, андан соң КТРКдагы «Жума кайрык» көрсөтүүсү учурдун оппозициясынын чыныгы жүзүн ачып берди. Адегенде Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров жана Дуулат Турдуналиевдердин, андан соң Азимбек Бекназаровдун адвокаттык…

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети 2016-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июнундагы №313-р буйругу менен түзүлгөн “Кумтөр кенинин аймагында жайгашкан муздардын абалы жөнүндө” маселени иликтөө боюнча илимий-техникалык эксперттик топтун отчету тууралуу парламенттик угуу өткөрөт. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин бөлүмү

АКШнын мамлекеттик катчысы Орусияга чемодан менен келди

Кремлде эки күндөн бери Владимир Путин менен Жон Керринин сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат. АКШнын мамлекеттик катчысы жолугушуунун башында эле Сирия, Украина тууралуу кененирээк сүйлөшүү жана Орусия менен АКШнын ортосундагы мамилени бекемдөө үчүн дагы сүйлөшүү керектигин айтып өттү. Демек АКШ Орусия менен мамилесин оңдогусу келээрин эшитсек болот. Керри жардамчыларына бербестен өзү кызыл чемодан көтөрүп келди. Путин Керринин…

Коомдук ишмер Урмат Барыктабасовдон Кыргызстанды Тездетип өнүктүрүү программасынын долбоору

Болочокту ойлобогондун учурдагысы да жок! Жасалган нерседен көрө, ойдогуну оңдош оңой. Дүйнө жүрүмү көз ирмем сайын өзгөрөт, тездейт, бизди мурда көрүп-билбеген кырдаалга алып барып такайт. Айрымдар коомубузда толуп жаткан көйгөйлөрдү чечкенге даяр эместигин турмуштагы байкоолор көрсөттү. Адатта кишилер ар түркүн улутуна же кесибине жараша маанилүү чечимге максаттары бүдөмүк, билими чала, маалыматы жетишсиз жана өзгөрмө кырдаалда…

Өзбекстан аскерлерин алып чыгып кетти

Бүгүн, 26-мартта, Аксы районунун аймагындагы Чала-Сарт участогунан Өзбекстан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетти. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Темир Сариевге маалымат берди. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди. Кечээ, 25-мартта түштөн кийин Өзбекстандын демилгеси менен башталган чек ара боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик бир күнгө…